Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Борбордон кем калбайт. Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

03.03.2022 12:29
528
Борбордон кем калбайт. Ош шаарында мамлекеттик туу күнү белгиленди (фото)

Ош шаарында КРнын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинди. 


Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, легендарлуу парламенттин депутаттары, шаардык кеңештин депутаттары, шаардыктар, аскер кызматкерлери жана активисттер катышты. 


Иш-чарада Мамлекеттик туунун маанилүүлүгү даңазаланып, андан соң Аскердик парад болду. 


Мэр куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү эң маанилүү мамлекеттик майрамдардын бири экендигин жана Ош шаарында ар дайым жогорку деңгээлде белгиленип келгенин айтты. Калаа башчы жаштарды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөдү. 


КРнын Мамлекеттик Туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. 


Эске салсак, Ош шаарындагы башкы желек жана желек сабы 2009-жылы орнотулган. Желек сабынын узундугу 45 метрди түзсө, туунун туурасы 10 метр, узундугу 15 метр.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн