Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 15:18
USD
89.40
89.87
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Борбордук аянтта күзөттө турган кайгуул кызматкерлери тартип чараларын көрүүдө

10.04.2021 14:33
861
Борбордук аянтта күзөттө турган кайгуул кызматкерлери тартип чараларын көрүүдө


Учурдагы президент жана Өкмөт башчы отурган жай Кыргызстандын борбордук аянтында жайгашкандыктан кечкисин шаар тургундары жана келген коноктор жөө кыдырып, сейилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн борбордук аянт, деп белгилейт Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген төгүндөөсүндө.


Анда жазылгандай, ал жерде жарандардын коопсуздугу үчүн жана түнкүсүн авто ээнбаштык сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн атайын кечкисин кыймылды чектеген жол белгилери орнотулган. Ал жол белгилер мамлекеттик стандартка жооп берген жарык берип турган алыстан көзгө даана көрүнгөн жол белгилер. 


“Ошол жол белгилерин кыраакы карабай, же баш ийбеген айдоочуларга, ошол борбордук аянтта күзөттө турган кайгуул кызматкерлери тийиштүү чараларды көрүүдө. Анткени катуу ылдамдык менен же авто ээнбаштык менен борбордук аянтта сейилдеп жүргөн жарандарыбыздын бирин сүзүп алса буга ким жооп берет?”, - деп жазылат маалыматта.


Ошондой эле бул жол белгилер тээ мурдакы бийликтин тушунда эле бар болчу. Бардык жол белгилер стандартка жооп берет жана мыйзамдуу, деп кошумчалады Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Тема боюнча: Садыр Жапаровдун “ордосун” Патрулдик милиция элдин "канын соргон" жайга айлантып алдыбы?


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Муктар
Борбордук "Ала-Тоо" аянтында унаалар ары-бери эле өтүп, сейилдегендер жолдун четинде эле ээн-эркин журот. Силер айткан эски аянтка анчалык эл деле барбайт. Актанбай эле койгулачы!