Бүгүн, 7-октябрда, “Ала-Тоо” аянтында өтүп жаткан митингдин көпчүлүгүн жаштар түзөт. Жаштар митингдин максаты люстрация экенин белгилеп сөз сүйлөшүүдө.
Митингдин жүрүшүндө Бабанов келип микрофонго жакындаганда жаштар ышкыр,кыйкырып бөтөлкө ыргыта башташты. Бабановду колдоочулары андан ары алып чыгып кетишти.
Белгилей кетсек, бүгүн, борбордук аянтта люстрация урааны менен митингге жаштар өзүн-өзү кызматка дайындап алган эски саясатчыларга каршы чыгышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн