Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:52
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Борис Абрамов: “Коронавирус - бул жасалма жол менен уюштурулган дүрбѳлѳң”

06.02.2020 14:31
684
Борис Абрамов: “Коронавирус - бул жасалма жол менен уюштурулган дүрбѳлѳң”


Коронавирус эпидемиясынын айланасындагы дүрбөлөң бул бизнесин ѳнүктүрүп алууну каалагандарга пайда алып келээрине токтолду Россиянын Улуу Британиядагы соода ѳкүлү Борис Абрамов. Ал мындай оюн орус басылмалары менен болгон маегинде билдирди.


«Бул жасалма жол менен уюштурулган дүрбѳлѳң. Мен 100%га ишенем. Бул өтө кирешелүү бизнес болуп саналат, адамдар муну атайын акча табуу үчүн жасашат», - деп баса белгиледи.


Анын айтымында мындай уюштурулган дүрбѳлѳң Кытайдын жана дүйнѳлүк экономикага таасирин тийгизет.


Б.Абрамов жасалма жол менен уюштурулган дүрбѳлѳң эң биринчи кезекте дары-дармек чыгарган ишканалардын каражат табуусуна шарт түзѳѳрүн кошумчалады. Буга ал 2002-жылдагы пневмония күч алганда Кытайда иштеп күбѳ болгон.


«Ошол учурда Кытайдын Пекин шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында болгом. Анда дагы ушундай эле кѳрүнүш болгон. Аэропорттордо кылдат текшерүүлѳр, атайын коргоонуучу кийимдерди кийген адистер, ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүшкѳн. Ал учурда мен эч кам санаган эмесмин, азыр дагы ошондой эле абалдамын”, - деди.


Бирок ал учурда ооруп, каза болгондордун саны азыркы учурдан кѳп болгонун кошумчалады. 

“Бир аз убактан кийин баары түшүнүп, адаттагы абалга калыбына келет”, -деп сѳзүн жыйынтыктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн