Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Премьер-министр: Араванда болгон окуя бир дагы жерде кайталанбашы шарт

22.09.2020 09:17
1013
Премьер-министр: Араванда болгон окуя бир дагы жерде кайталанбашы шарт

4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук жана санитардык коопсуздук сакталып, байланыш, интернет жана электр энергиясы үзгүлтүксүз иштеш керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Шайлоо комиссияларына уюштуруу маселелерин чечүүдө жана шайлоону өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын отурумунда билдирди. 

Кеңешмеде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле  бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери баяндама жасады. 

Белгилүү болгондой, шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси аяктады. БШК шайлоочуларды добуш берүү участкаларына жеткирүү фактысын, ошондой эле добуштарды сатып алуу  боюнча белгилерди каттады. Шайлоо тилкелерине пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар кабыл алынды. Электр энергиясы, байланыш, интернет менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өрт коопсуздугун сактоо боюнча жумуштар жасалды. Чет мамлекеттердеги добуш берүү тилкелерине  гигиеналык коргонуу каражаттары жеткирилүүдө, ошондой эле жабдууларды жана бюллетендерди жеткирүү маселеси каралууда. 

«Биздин алдыбызда шайлоону заманбап технологияларды пайдалануу менен ачык жана таза өткөрүү милдети турат. Жарандар үчүн эркин көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүш керек. Коронавирус инфекциясы пандемиясын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл буруу керек. Ош облусунун Араван районунда болгон окуя бир дагы жерде кайталанбашы шарт. Бул жагдайга тиешелүү укуктук жана башка баа берилиши зарыл. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп, жеринде тартипти жана коопсуздукту камсыз кылат», - деди өкмөт башчы.

Кубатбек Боронов шайлоо процессине катышып жаткан саясий партиялар мыйзам чегинен чыкпаш керектигин белгиледи.  

«Ошондой эле саясий партиялар санитардык нормаларды так сактоосу керек. Талаптарды аткарбаган партияларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эскертүү берилүүгө тийиш», - деди Боронов. 

Өкмөт башчы жарандарды добушун сатпоого чакырды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн