Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 09:58:49
USD
87.40
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.025
1.065

Өкмөт башчы аймактардын тургундарынан Бишкекке келбей турууну өтүндү

07.07.2020 14:59
985
Өкмөт башчы аймактардын тургундарынан Бишкекке келбей турууну өтүндү


Аймактардын тургундары, зарыл ишиңер болбосо Бишкек шаарына келбей тургула. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында абал оор болуп жатат. 


"Учурда борбор калаада абал оор болуп жатат. Аймактардын тургундары зарыл ишиңер болбосо, шаарга келбей тургула. Ал эми Бишкек шаарынын тургундары дагы ооруну жайылтпаш үчүн айылдарга барбай турушун өтүнөт элем. Биз буга чейин жарандардан үйдө отурууну, аймактарга каттабай турунуу суранып келгенбиз. Ушул учурда биздин өтүнүчкө көнүл бурууну өтүнөбүз. 


Ошондой эле, той-аштарга катуу тыюу салынат. Бекинип алып, той өткөрүп жаткан учурлар болуп жатат. Биз дагы чараларды көрөбүз. Бизди угуп, тартипти сактоону өтүнөм", - деди премьер-министр. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн