Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:12
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Боронов: Бала бакчаларды ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат

15.09.2020 17:02
1070
Боронов: Бала бакчаларды ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат


Республикалык штабда бала бакчаларды санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 15-сентябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, коронавирус инфекциясынын жайылуусу күчөгөн убакытта бардык бала бакчалар жабылган, азыркы учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборлордун макулдугу менен иштеп жатышат. 


"Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир райондо/шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, бала бакчалардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат”, - деди Боронов. 


Анын айтымында, ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды.


Ал эми мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтабыз. Учурда санитардык-эпидемиологиялык эксперттер Билим берүү министрлиги менен биргеликте бардык тажрыйбаларды карап, күнү-түнү иштеп жатышат”, - деп билдирди ал. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн