Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Боронов COVID-19дан улам оор абалда жаткан дарыгер Мукарам Ураимовага көмөк көрсөтүүнү тапшырды

29.09.2020 12:25
1084
Боронов COVID-19дан улам оор абалда жаткан дарыгер Мукарам Ураимовага көмөк көрсөтүүнү  тапшырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка караганда, Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Мукарам Ураимова 2020-жылдын 18-19-мартында, COVID-19 пандемиясынын биринчи толкунунда биринчилерден болуп обсервациялык жайда иштеп, ал жактан коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80% жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн