Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Боронов: Дарыгерлерден түшкөн даттануулар жетишсиз иштин күбөсү (фото)

18.04.2020 17:04
992
Боронов: Дарыгерлерден түшкөн даттануулар жетишсиз иштин күбөсү (фото)


Медицина кызматкерлери көтөргөн маселелердин жана даттануулардын бардыгы дыкат изилденип, кемчилдиктерди жоюу боюнча тапшырмалар берилүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы. 


Жыйында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин жер-жерлердеги санитардык дарыгерлери жана координаторлору катышышты. 


Жыйындын жүрүшүндө COVID-19га каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселелери талкууланды. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматында, бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттарынын зарыл саны бар, ошондой эле Бишкектен медицина буюмдары жана коргонуу каражаттары ташылып бара жатат. 


Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин жетекчилеринин жетишсиз ишинин күбөсү экендигин белгиледи. 


«Медицина кызматкерлеринен түшкөн ар бир даттануу териштирилип, кемчилдиктерди четтетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери менен биргеликте инфекция чыккан жерлерде иштеген жана коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон ар бир дарыгердин, медицина кызматкеринин коргоо кийимдери менен жетиштүү көлөмдө камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө тийиш. Жергиликтүү бийлик органдары илдетти жуктурууга жол бербөө үчүн медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун санитардык эрежелерине окутуу иштерин көзөмөлгө алсын», - деди биринчи вице-премьер-министр. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн