Бугу 10, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Боронов: Эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн

20.06.2020 12:20
1312
Боронов: Эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн


Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 20-июнда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. 

Ал кечээ, 19-июнда Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы отуруму болгонун билдирди. 

Боронов белгилегендей, күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, облус жетекчилери өздөрүнө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчиликтери бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат.

Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш, бул медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө тийиш», - деди Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн