Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:06
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Боронов ИИМ кызматкерлерине компенсация төлөө чечимине кол койду

25.06.2020 13:09
1154
Боронов ИИМ кызматкерлерине компенсация төлөө чечимине кол койду


Өзгөчө абал шарттарында милдеттерин аткарган аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине компенсациялар төлөнөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим КР өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 639 токтому менен бекитилген Кыргызстандын аймагында жана эл аралык келишимдик милдеттенмелердин негизинде анын чегинен сырткары өзгөчө абалдын шарттарында жана куралдуу жаңжалдардын учурунда милдеттерин аткарышкан аскер кызматчыларына кошумча гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө жобонун 7-пунктун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн