Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:49
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Боронов: Курман айт элдин биримдигин, кайрымдуулугун арттырган майрам

31.07.2020 12:22
1141
Боронов: Курман айт элдин биримдигин, кайрымдуулугун арттырган майрам


Премьер-министр Кубатбек Боронов мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады, деп маалымдайт өкмөттүн басма соз кызматы.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: 

«Урматтуу мекендештер!

КР Өкмөтүнүн атынан мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат.

Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам. Бул улуу майрамда айтылган тилектер, асыл максаттар кабыл болсун! 

Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү. Кыйын кырдаалды биргелешкен аракеттин негизинде жеңерибизге ишенем. 

Ыйык Курман айт күнүндө куттуу өлкөбүзгө тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайм!».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн