Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Боронов: Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек

01.09.2020 15:36
935
Боронов: Мектептерде санитардык эрежелер так сакталышы керек


Кыргызстандын мектептеринде санитардык эрежелер так сакталышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт. 

Белгилей кетүүчү жагдай, COVID-19 пандемиясына байланыштуу бул окуу жылдын башталышында 1-класстын окуучулары гана кадимке режимде, мектепте билим алышат.  

Өкмөт башчы мектеп окуучуларын жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктап, аларга окуудагы жетишкендиктерди каалады. 

«Коронавирус инфекциясына байланыштуу жаңы окуу жылында окууну аралыктан өтүүдө мектеп окуучуларынын, ата-энелердин жана мугалимдердин алдында жаңы чакырыктар турат. Пандемия турмуштун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде окутуу процессине түзөтүүлөрдү киргизди. Бул жаңы ыкмаларды, пайдалуу көндүмдөрдү жана билим берүү системасына жаңы көз карашты талап кылат. Окуучуларга албан ийгиликтерди каалайм, билим алууга, илим жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө умтулуп, жигердүү жана аткаруучулук жөндөмдү арттыргыла дегим келет», - деди Кубатбек Боронов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн