Бугу 19, 2024
Убакыт: 04:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Боронов: Ошто жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу иши жүрүүдө

28.07.2020 15:56
840
Боронов: Ошто жасалма дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу иши жүрүүдө


Өлкөнүн 7 облусунун ар бирине компьютердик томография коюу боюнча жумуштар жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 3724 кычкылтек концентратору бар. 


"Эгерде буга чейин 2250 кычкылтек концентраторуна муктаждык бар экени айтылып келсе, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 3724 кычкылтек концентратору бар. Ал эми жасалма дем алдыруучу аппараттардын саны 508. Бул аппараттар ар бир облуска муктаждыгына жараша бөлүнүп берилди", - деди Боронов. 


Ошондой эле, ал Ош облусунда дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. 


"Жакында Ош облусунда болуп, ал жакта дем алдыруучу аппараттарды чыгаруу боюнча иштерге күбө болуп келдим. Эгерде сыноодон ийгиликтүү өтсө, өзүбүздөн чыккан аппараттарды колдонууга болот", - өкмөт башчы. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн