Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Боронов Россиядан келген медиктер делегациясынын абалды жакшыртуу боюнча сунуштарын укту

04.08.2020 08:32
940
Боронов Россиядан келген медиктер делегациясынын абалды жакшыртуу боюнча сунуштарын укту


Премьер-министр Кубатбек Боронов Россия Федерациясынан келген медицина тармагындагы адистерден турган делегациянын өкүлдөрү менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын жана өлкөнүн коронавируска байланыштуу абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды талкуулады. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Республикалык ыкчам штабдын жыйынын жүрүшүндө өкмөт башчы өлкөгө жардам берип, колдоо көрсөткөнү үчүн медицина кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди. 

Башкортостандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча Федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо, анын кесепеттерин жоюу боюнча Россиянын саламаттык сактоо тармагында колдонулган тажрыйба жана сунуштар тууралуу айтып беришти. 

Наталья Пшеничная белгилегендей, «жергиликтүү медицина кызматкерлери жанын аябастан иштеп жатат». 

«Ар бир бейтапка кфалификациялуу жеке мамиле жасалганы таасирлентти», - деп кошумчалады. 

Россиялык адистер «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү жана кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.  

Премьер-министр россиялык медицина кызматкерлерине тажрыйба жүзүндө берген жардамы жана сунушутары үчүн ыраазычылык билдирди. 

«Кыргыз өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан биздин өлкөгө келип тажрыйба жүзүндө көмөктөшүп жатканыңыздарга жана бейтаптарды дарылоо боюнча берип жаткан сунуштарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик жана бекем ден соолук каалайбыз», - деп айткан Кубатбек Боронов, эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган Ысык-Көл жана Жалал-Абадда облустарына көрсөтүлгөн жардам менен колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн