Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Боронов: Саламаттык сактоо тутуму COVID-19дун экинчи толкунуна даяр болуусу керек

21.09.2020 16:35
1130
Боронов: Саламаттык сактоо тутуму COVID-19дун экинчи толкунуна даяр болуусу керек


Адамдар жыш чогулган жерлерде беткап тагынуу режими  жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоого багытталган чаралар тыкыр сакталышы кажет. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.  

Өкмөт башчынын айтымында, бир катар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө эпидемиологиялык абалдын начарлоосу байкалууда. 

«Түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен атамекендик саламаттык сактоо тутуму жана башка мамлекеттик органдар ыктымал болгон коронавирус инфекциясына чалдыгуунун экинчи толкунуна даяр болуусу керек. Республикада күн сайын COVID-19 дартына жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккандардын саны катталууда. Көпчүлүк жарандар беткап кийүү, социалдык обочолонууну кармануу сыяктуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай калды. Ошондуктан жер-жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларды жана түшүндүрүү иштерин улантуу зарыл», - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана башка тармактык органдарга оорунун алдын алуу чараларына басым жасоо менен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырды. 

«Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери – эл көп чогулган жерлерде, анын ичинде жарандарды кабыл ала турган мекемелерде, коомдук транспортто жана базарларда беткап тагынуу режимин сактоо боюнча ишти күчөтүңүздөр. Бул өтө маанилүү. Беткап режими оорукана, соода борборлору сындуу эл көп чогулган жерлерде милдеттүү түрдө сакталышы керек. 

Санитардык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык текшерүү иштерин күчөтүшү керек», – деди премьер-министр.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы бир катар конкреттүү тапшырмаларды, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды күчөтүү тапшырмасын берди. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн