Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:20
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Боронов: «Санарип аймак» системасын жылдын аягына чейин толук ишке ашыруу керек

27.08.2020 12:59
1330
Боронов: «Санарип аймак» системасын жылдын аягына чейин толук ишке ашыруу керек


«Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов санариптештирүү боюнча 2020-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштерди талкуулаган кеңешмеде билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду.

«Санарип аймак» системасын жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүндөгү ишин автоматташтырууну шарттайт. Ошондуктан системаны аймактардагы шаарлар менен айыл өкмөттөргө киргизүү иштери күчөтүлүүгө тийиш. «Санарип аймакты» жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөттөр маршрутизаторлор (роутер) менен ыкчам тартипте камсыздалышы шарт», - деди өкмөт башчы.

Кеңешмеде саламаттык сактоо, билим берүү тутумдарын санариптештирүү маселеси да талкууланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 2292 мектептин 99% интернетке туташтырылды. Премьер-министр мектеп окуучулары пандемияга байланыштуу аралыктан окуусун эске алганда, аймактарда интернеттин жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

«Окуу жылы башталганда айылдарда интернет жок деген маселе жаралбашы керек. Бул боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар ишти күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүсү абзел. Мектептерди сапаттуу, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздоо боюнча иштер күчөтүлсүн. Ал эми саламаттык сактоо тутумунда санариптештирүү боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Ошентсе да аймактардагы медициналык мекемелерге кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгаруу зарыл», - деп белгиледи өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн