Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:53
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Боронов: "Соль-Илецктен келгендердин анализи терс болгону үчүн үй карантинге чыгарылды"

19.05.2020 15:16
663
Боронов: "Соль-Илецктен келгендердин анализи терс болгону үчүн үй карантинге чыгарылды"


Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандар чыр-чатак салганы үчүн эмес, кайталанып алынган анализдеринен терс көрсөткүч чыкканы үчүн үй карантинге чыгарылды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-майдагы онлайн брифингде билдирди.

 

Анын айтымында, ИИМ “Семетей” обсервациясында башаламандык уюштурган жарандарга карата чара көрөт.

 

“Кечээ аэропорттун аймагындагы “Семетей” обсервациясынан Соль-Илецктен келген жарандар алар чыр-чатак салганы үчүн эмес, бул коронавируска кайталанып алынган терс анализдердин жыйынтыгы боюнча пландалып, үй карантинине жиберилди. Эч кандай ультиматум же талаптарды коюу менен маселе чечилбейт. Республикалык штаб бекитилген алгоритм боюнча иш алып барат. Анткени бул чаралар биринчи кезекте жеке өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар, экинчи кезекте – үй бүлөңүздөрдүн жана жакын туугандарыңыздардын коопсуздугу, үчүнчүдөн – жалпы элдин коопсуздугу”, - деди Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн