Теке 07, 2025
Убакыт: 17:04
USD
87.30
87.80
EUR
102.50
103.50
RUB
1.105
1.130

Боронов баткендиктер менен жолукпай койду, эл нааразы болууда

01.06.2020 12:58
1387
Боронов баткендиктер менен жолукпай койду, эл нааразы болууда


Баткен облусуна чек ара чатагы боюнча иш сапар менен барган биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жергиликтүү тургундар менен жолукпай койгон. Буга баткендиктер нааразы болуп жатканын Телеграмдагы «Сейчас.kg» баракчасы маалымдады.


“Биздин күч кызматкерлери элди коргоо үчүн эмес, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду коргоо үчүн келиптир. Ал эл менен жолугуп, калктын көйгөйүн укпай жатат”, - деп айтылат аталган маалыматта.


Буга чейин өкмөт Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун жолугуша турганын кабарлаган.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн