Бугу 12, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Боронов билим берүү жайларынын курулушун айтылган мөөнөттө аяктоону тапшырды

29.07.2020 11:59
1192
Боронов билим берүү жайларынын курулушун айтылган мөөнөттө аяктоону тапшырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов объекттердин капиталдык курулуш долбоорлору маселеси боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде авариялык абалда деп чечим чыгарылган мектептердин жаңы имараттарын куруу маселесине токтолду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 


«Бул маселеден улам айрым калктуу конуштарда мектеп окуучулары чатырларда же контейнерлерде окууга туура келди. Ошондуктан жалпы билим берүү жайларынын курулуш иштерин айтылган мөөнөттө аяктоо зарыл. Белгиленген график боюнча, 2020-жылдын октябрь айына чейин ар бир райондун борборунда 3 чакырым жолго асфальт төшөлүүгө тийиш, ошондой эле «Таза Суу» программасынын жана ирригация системасынын алкагындагы объекттердин курулушун улантуу керек», - деди Кубатбек Боронов. 


Кеңешменин соңунда Саламаттык сактоо жана Финансы министрликтерине, ошондой эле Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир катар тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн