Калк арасында COVID-19 инфекциясына кабылгандарды табуу өтө маанилүү милдет. Ооруган адамдар менен байланышкан жарандар менен ишти күчтөндүрүү да андан кем эмес мааниге ээ. Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында койду.
«Жаранда вирустун бар экендиги аныкталар замат биз аны менен
байланышкан бардык адамдарды табууга болгон күч-аракетибизди жумшоого тийишпиз.
Медицина кызматкерлери жана ар бирибиз чарчаганыбыз анык. Бирок азыр жай отура
турган мезгил эмес. Бир каталык кетирүү менен ишти кайра башынан баштап
калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин ар бир мамлекеттик орган толук күчүн
жумшап иштеди, ушул багытта улантууну өтүнөм», - деди Кубатбек Боронов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн