Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Боронов президентке ар бир жерде эпидемиялык текшерүүлөр жүрөрүн айтты

24.04.2020 15:31
924
Боронов президентке ар бир жерде эпидемиялык текшерүүлөр жүрөрүн айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Анда учурдагы кырдаал жана ошондой эле өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө, анын кесепеттерин жоюу жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам берүү боюнча чаралардын ишке ашырылышынын жүрүшү талкууланды.


Президент өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн режимде улантуу зарылдыгын баса белгилеп, экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жаңыртууга, жазгы талаачылык иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду.


Биринчи вице-премьер-министр өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин баса белгиледи.


Ал кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш алып барылаарын кошумчалады.


Ал үчүн бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр, бардык жерде текшерүүлөр жүргүзүлөт. Өзгөчө жаңы конуштарга жана эл жыш жайгашкан жерлерге көңүл бөлүнөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн