Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Боронов президентке айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абалды улантуу сунушун берди

13.04.2020 14:48
727
Боронов президентке айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абалды улантуу сунушун берди


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-апрелде биринчи вице-премьер-министри — республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кубатбек Боронов ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары, башка бардык зарыл нерселер менен камсыздоого дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурду.

Мындан сырткары, өлкөдөгү эпидемиологиялык жана макроэкономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кырдаалга терең, комплекстүү талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте калктын социалдык аялуу катмарына жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Кубатбек Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды. Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүп жатат. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган.

Муну менен бирге республикалык ыкчам штабдын жетекчиси социалдык аярлуу жарандарды, убактылуу жумушсуздарды, кичи жана орто ишкерлик субъектилерин, медиктерди, күч жана башка тиешелүү структуралардын кызматкерлерин колдоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн