Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Боронов: "Былтыртан бери суунун көлөмү азайганы байкалууда"

12.03.2020 17:11
988
Боронов: "Былтыртан бери суунун көлөмү азайганы байкалууда"


Былтыркы жылдан бери суунун көлөмү аз болушу байкалууда. Мындай маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын түштүк-чыгышындагы Аламүдүн суу топтогучуна барып, сугат мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. 


Анын айтымында, суунун жетишсиздигинин алдын алуу жана үнөмдүү пайдалануу максатында, бардык тийиштүү инфраструктураларды даярдоо иштери жүрүп жатат. 


"Башкы суу алуучу cуу тосмолорду, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, суу сарыктырма тармактарын жана башка суу курулуштарынын техникалык абалын өз убагында изилденип, сугат мезгилине даяр болот. Сууну максаттуу пайдалансак, быйылкы жылы дыйкандарды жетиштүү көлөмдөгү суу менен камсыздай алабыз», - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер-министр.


Ошондой эле, ал мамлекеттик ирригация тармактарын 2020-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 205,3 млн сом каралып, 2020-жылдын 10-мартына карата 72,8 млн сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 205,3 млн сомдук пландын 36% түзгөнүн билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн