Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:37
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Боронов: "Инфекциянын жайылтпаш үчүн ар ким белгиленген эрежелерди сактоого тийиш"

23.03.2020 12:03
769
Боронов: "Инфекциянын жайылтпаш үчүн ар ким белгиленген эрежелерди сактоого тийиш"


Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.


Жыйын учурунда белгиленгендей, Өкмөт  коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, ыкчам кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантышууда.


Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун тарашына жол бербөө максатында тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.


Жыйында Боронов өзгөчө кырдаал кыймылга чектөө чараларын камтый турганын эскертип, коомчулук көрүлгөн убактылуу чараларга түшүнүү менен мамиле кылып жатышканын белгиледи.


«Өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар адамдардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтөт. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун түшүнүү менен кабыл алуулары керек. Инфекциянын жайылуусуна жол бербөө үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өтө зарыл болбосо адамдар үйүнөн чыкпашы кажет», – деди биринчи вице-премьер-министр.


Ал коронавирустун алдын алуу чаралары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырып, бул үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде уюлдук операторлор аркылуу sms-билдирүү жөнөтүүнү, маалыматтарды жайылтууну, радиорубрикаларды колдонууну, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкка маалымдоо үчүн өлкөнүн телеканалдардын эфирин камтуу мүмкүндүгүн пайдаланууну сунуштады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн