Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Боронов рентген-аппараттарын сатып алуунун жетишсиздиги үчүн министрликти сындады

06.08.2020 15:38
872
Боронов рентген-аппараттарын сатып алуунун жетишсиздиги үчүн министрликти сындады


Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана уюмдарында медициналык жабдуулардын, керектелүүчү материалдардын, дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын бар экени, ошондой эле муктаждыктар тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтар айтылды. 

Премьер-министр Кубатбек Боронов рентген-аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды. 

Өкмөт башчы жогоруда айтылган маселени ыкчам тартипте чечип, сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. 

Тармактык мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам чөйрөсүндө адистердин дараметин көтөрүү, медициналык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону катуу көзөмөлдөө, ошондой эле үймө-үй кыдыруу иш-чарасын күчөтүү тапшырмалары бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн