Өзбекстандын премьер-министри
Абдулла Арипов Кубатбек Бороновдун КР премьер-министри кызматына дайындалышына
байланыштуу куттуктоо катын жиберди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан
билдирди.
«Сиздин билимиңиз жана тажрыйбаңыз, өз жанын аябаган жана талбаган эмгегиңиз Кыргызстан элинин бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча милдеттерди аткарууга багытталган. Биз сизди жогорку деңгээлдеги кесипкөй, абройлуу жетекчи жана Өзбекстандын жакын досу катары жакшы билебиз. Жогорку мамлекеттик кызматка дайындалышыңыз менен өзбек-кыргыз мамилелеринин бийик даражасы мындан ары да ырааттуу өнүгүп, биздин кызматташуубуздун келечектүү бекемделишин камсыздайт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоодо.
Премьер-министр Абдулла Арипов өкмөт башчы Кубатбек Бороновго бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп өсүүнү каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн