Бугу 21, 2024
Убакыт: 21:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бороновдун премьер-министрлик кызматка дайындалышы адилеттүүлүк, - Казакбаев

17.06.2020 10:25
1057
Бороновдун премьер-министрлик кызматка дайындалышы адилеттүүлүк, - Казакбаев


Өкмөттөгү кара жумуштардын баарын жасаган киши – Кубатбек Боронов. Анын премьер-министрлик кызматка дайындалышы адилеттүүлүк. Мындай пикирди депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн түзүмүн жана программасын аныктоо маселесин карап жатканда билдирди.  


Менин жаңы өкмөт башчысына сунушум: пандемия маселесине өзгөчө көңүл буруп, ооруканаларда кошумча орундарды даярдоо, экинчиден азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана антикризистик программасын элдин талкуусуна коюп коюуңуз”, - деген сунушун билдирди депутат.


Ошондой эле ал парламенттик шайлоодо Кубатбек Боронов жана анын командасы негизги иштерди алып бара турганын айтып, ачык-айкын, калыс, адилеттүү өткөрүүнү уюштуруп берүүнү өтүндү. “Эгерде шайлоо таза өтпөсө коомчулук арасында саясий, руханий силкинүү күтүп турат”, - деди Казакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн