Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Боршайком «Чоң Казат» партиясына эскертүү берди

07.08.2020 07:47
1041
Боршайком «Чоң Казат» партиясына эскертүү берди


Борбордук шайлоо комиссиясы «Чоң Казат» партиясына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын жана эрежелерин бузганы үчүн расмий эскертүү берди. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматынан маалымдады.

Боршайком мүчөлөрү 6-августтагы отурумунда бул партиянын «Facebook», YouTube» жана «Instagram» соцтармактарында шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылган видеоматериалдар жарыяланган деп табышты. «Чоӊ Казат» партиясы бул видеоматериалдарды эки күндүн ичинде алып салууга жана көрүлгөн чаралар тууралуу БШКга маалымдоого милдеттендирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн