Өкмөттүн чек ара боюнча атайын адисинин айтымында Тажикстанга кыргыз жери сатылган эмес. Бул тууралуу Өкмөттүн чек ара боюнча атайын адиси Назирбек Бөрүбаев билдирди.
"Айрым жарандар такталбаган маалыматка ишенип алып, туура эмес маалымат таратып жатат. Бизде да, тажиктерде да өзүнүн картасы бар. Чек араны Москвага барып ошол карта менен аныкташ керек. Айрым чек арадагы үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган. Тажик жарандары Кыргызстанда жашайт же тескерисинче. Биз бул маселени чечебиз",- деди Бөрүбаев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн