Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 22:00
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү жергиликтүү барда мушташкан

22.07.2022 17:50
926
Бостериде уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү жергиликтүү барда мушташкан


Бостери айылында уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү жергиликтүү барда мушташа кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, окуя 21-июлда пансионаттардын биринде болгон. Саат 5.30дар чамасында барга үч жигит келип, кызматкерлерди сөгүп, адепсиз сөздөрдү айтып, колдорун эритип, бычак менен коркутуп, ичимдик ичкен соң бардын идиш-аяктарын, мүлкүн сындырып, чыгып кетишкен.


Аталган факты ЭҮП каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголгон.


Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 28, 27 жана 21 жаштагы үч жергиликтүү тургун кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турат.


Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн