АКШнын Бостон шаарындагы метродо америкалык киши Кыргызстандын гимнин ойноду. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы элчиси Бакыт Бешимов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Ал кларнетте кыргыздын гимнин жаңырткан кишинин видеосун өзүнүнTwitter баракчасына жүктөп, "тааныгандар барбы?" деп суроо салды. Өз кезегинде колдонуучулар кубануу менен Кыргызстандын гимни экенин айтышты.
Маалыматтарга караганда, бул аткаруучу көп жылдан бери ай кайсыл өлкөнүн гимнин музыкалык аспаптарда ойноп келет.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни 1992-жылы 18-декабда кабыл алынган. Гимндин сөзүн Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев жазса, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн