Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Божомол боюнча коронавирустун экинчи толкуну ноябрда болушу мүмкүн, - Боронов

03.09.2020 14:44
3723
Божомол боюнча коронавирустун экинчи толкуну ноябрда болушу мүмкүн, - Боронов


Кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

«Адистердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу мүмкүн. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал. Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Жарандар куран окутуп, ар кандай салтанаттарды өткөрүп жатышат. Кафе-ресторандардын кожоюндары 3000 сом айып пул төлөп коюп, келгендерди бейкапар эле кабыл алууда. Ресторан бизнеси жапа чегип жатканы түшүнүктүү, бирок биз COVID-19 менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербешибиз керек», - деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр тийиштүү түзүмдөргө кафе-ресторандардагы иш-чаралардын өтүүсүн көзөмөлдөөнү, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде, транспортто рейддерди өткөрүүнү күчөтүүнү тапшырды. 

Өкмөт башчы ошондой эле бул багытта аймактарда  жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Республикалык ыкчам штабдын жыйында күнүгө маалымат берип туруунун зарылдыгын белгиледи. 

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Сыдыков Автандил
Маршрутта тыгын эл ошончо маскасы жок , базарларда мурункудай , тойлор тынымы жок тайрандашып . Тыйуу салыш керек болчу баарына .Эми экинчи толкун болсо кырылып калабызго Алла сактасын !
Динара Карыпова
Мисалы Турцияда азырка чеин маска тагынышат. Тагынбай чыксан сразу штраф.Анан 1,5 м.расстояние сакташат. Биздеда ошондой штраф толотсо жакшы болмок.
Махабат
Германияда да маскасыз магазиндерге ,банктарга ж.б киришпейт экен,бизге да ошондой тартип киргизсе эн сонун болот эле
Анара Осконбаеа
Саламатсыздарбы. Туура талап коюп жатат. Бирок куран окутуп, той берип эле жатышпайбы элдер. Эгерде ушул жол менен кетсек кудай озу эле сактасын кырылып эле кылабыз. Баардык региондорго катуу талап коюшса болот эле.
Миргуль
БИЗДЕ ТАРТИП САКТАЛБАЙ ЭЛЕ ЭЭН ЭРКИН ЖУРУШПОЙБУ КАФЕ РЕСТОРАНДАР ЖАЙ БАРАКАТ ЭЛЕ ИШТЕП ЖАТЫШАТ.КЕЧЭЭ ЭЛЕ ЭМНЕ БОЛГОНУБУЗДУ УНУТУП КПЛНАНДАЙБЫЗ.ТАРТИП КОЗОМОЛДУ КАТУУРАК КОЮУП АР БИР НЕРСЕНИН АЛДЫН АЛЫП КОЙСОНОР ЖАКШЫ БОЛМОК ЖАЙЫЛЫП КЕТКЕНДЕН КИЙИН ОТУРУП КАЛБАЙ .ЭЛ ОЗУБУЗ ДЕЛЕ ТАРТИПТИ САКТАП МАСКА ТАГЫНЫП ТОЙ ТОПУРЛАРДЫ ТОКТОТО ТУРСАК ЖАКШЫ БОЛОТ БОЛЧУ .