Бугу 09, 2024
Убакыт: 00:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бразилияда футболчулар учуп бара жаткан учак кулады

25.01.2021 17:13
551
Бразилияда футболчулар учуп бара жаткан учак кулады

Футболчулар жана Пальмас клубунун президенти учуп бара жаткан учак 24-январда Бразилиянын Порту-Нациунал шаарынын аймагында кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басыламалар жазышууда.


Басылманын маалыматына таянсак, учак Токантинс авиация ассоциациясынын учуп-конуу тилкесинен  көтөрүлүп, кулап түшкөн.


Бортто пилоттон тышкары Пальмас клубунун төрт оюнчусу - Лукас Пракседес, Гильерме Ное, Рануле жана Маркус Молинари, ошондой эле клубдун президенти Лукас Мейра болгон. Учактагы бардык адамдар каза болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн