Бразилиянын Петрополис шаарында бир нече күндөн бери токтобой жааган жамгырдан улам пайда болгон сел, жер көчкү жана суу каптоонун натыйжасында каза болгон адамдардын саны 100дөн ашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Петрополис шаарында 2 күндө 160 миллиметр жамгыр жааган. Бул болсо бир жылдык жамгырдын көлөмү.
Катуу жамгырдан 300 миңден ашуун адам көчүрүлгөн. Жамгыр тоолорду жууп жер көчкү пайда кылган. Ал эми көчөдөн аккан сел унааларды жана дарактарды агызып кеткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн