Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бразилияда коронавирус жуккандардын саны 1 миллиондон ашты

20.06.2020 16:11
945
Бразилияда коронавирус жуккандардын саны 1 миллиондон ашты


Бүгүн, 20-июнга карата Бразилияда вирус жуккандардын жалпы эсеби 1 миллион 32 миң 913кө жетти деп Джонс Хопкинс университети маалымдады. Ал эми өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткада вирус 54 771 адамдан аныкталгандыгын билдирди. Каза тапкандардын саны 48 954кө жетти.


Вирус жуккандардын саны боюнча учурда биринчилик АКШда – 2,2 млн, Бразилияда – 1,03 млн, Россия – 568 миң, Индия – 380 миң жана Улуу Британия – 303 миң болду. Ал эми 20-июндун таңына карата Казакстанда 428 адамга вирус жугуп, жалпы эсеби 16 779ду түздү. Бүгүн Кыргызстанда да пандемия башталгандан бери сутка ичиндеги вирус аныкталган рекорддук 192 жаңы учур катталды. Эсеп чеги – 2981ге келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн