Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Бразилияда коронавирустун курмандыктарынын саны 50 миңден ашты

22.06.2020 13:28
903
Бразилияда коронавирустун курмандыктарынын саны 50 миңден ашты


Жаңыланган маалыматтарга караганда, Бразилияда өткөн суткада коронавирустан 641 адам каза таап, мындай тагдырга кириптер болгондордун жалпы эсеби 50 617ге жетти. Ал эми вирус жуккандардын жалпы саны 1 085 038 болду.


Сан-Паулу штаты жана аталышы окшош борбор калаа инфекциянын ири таралуу очогу бойдон калууда. Бул аймакта 219 185 миң адамга вирус жуккан. Экинчи орунда Рио-де-Жанейро шаары – 96 133 бейтап. Вирус жуккандардын жана каза тапкандардын саны боюнча өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Сеара штаты үчүнчү орунда – 92 866 (5523).


Эске салсак, Бразилияда коронавирус жуккан бирнчи учур 26-февралда катталган жана ооруга кабылгандардын жана каза тапкандардын саны боюнча азыр АКШдан кийинки экинчи орунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн