Бугу 08, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Бразилияда президентке каршы нааразычылык акциясы өттү

08.06.2020 09:38
1042
Бразилияда президентке каршы нааразычылык акциясы өттү


Бразилияда жекшемби күнү президент Жаир Болсонаруга каршы эл нааразычылык акциясына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Бразилия эли Жаир Болсонаруга каршы алгачкы ирет нааразычылык акциясына чыкты. Муну менен бирге президентти колдогон активисттердин тобу, COVID-19дан улам киргизилген чектөөлөрдү алуу талабы менен чогулган.


Ал эми Болсонару өзү буга чейин ар бир дем алыш күндөрү тарапташтары  өткөрүп келген акцияларга катышып келгени айтылат.


Сан-Паулуда өткөн нааразычылык акциясына Болсонаруну колдогон 50дөй адам келген. Андан 10 чакырым алыс жердеги ага каршы чогулгандардын саны миңдеп саналары кабарланат.


Болсонару коронавирустун кооптулугун көпкө чейин четке кагып, COVID-19ду жөн гана жеңил “сасык тумоо” деп да атаган. Мындан сырткары,  коронавирустан улам Бразилиянын бир нече штаттарына киргизилген чектөөлөрдү сындап, экономикага терс кесепетин тийгизерин айтып келген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн