Бразилиянын түндүк-чыгыш тарабында 28-майдан бери тынбай жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жер көчтү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, сел жана жер көчкүдөн улам 86 адам каза болгон. 56 адам куткаруучулар тарабынан изделүүдө.
Мындан сырткары, 4 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.
Жергиликтүү бийлик жарандарды издөө иштерине армияны тартууга мажбур болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн