Бугу 08, 2024
Убакыт: 15:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бразилияда сутка ичинде дээрлик 40 миң адамдан COVID-19 аныкталды

26.06.2020 13:58
1298
Бразилияда сутка ичинде дээрлик 40 миң адамдан COVID-19 аныкталды


Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн сутка ичинде өлкөдө COVID-19 вирусу аныкталган 39 483 учур катталып, жалпы эсеп 1 228 114кө жетти деп билдиргендигин бүгүн, 26-июнда РИА “Новости” маалымдады. Акыркы суткада 1 141 бейтап каза таап, пандемия башталгандан берки өлгөндөрдүн саны 54 971 адамды түздү деп айтылат маалыматта.


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө 26-июнга карата 9,2 миллион адамдан вирус аныкталып, 479 миңден ашыгы көз жумушту. Эскерте кетсек коронавирус боюнча маалыматтар ар 30 мүнөт сайын жаңыланып турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн