Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:37
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бразилияда сутка ичинде вирус жуккан 23 миң жаңы учур катталды

19.06.2020 16:25
905
Бразилияда сутка ичинде вирус жуккан 23 миң жаңы учур катталды


Өткөн сутка ичинде Бразилияда коронавирус жуктуруп алган жаңы 22 765 учур катталдагандыгын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады. Ошондой эле сутка ичинде 1 238 бейтап көз жумду.


Учурда бул өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны миллионго чукулдады – 978 142 адамды, алардын арасынан каза тапкандары – 47 748ди түздү. Бразилия коронавирустун жайылуусу боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда бара жатат.


Эмне үчүн Бразилияда коронавируска кабылгандар көп катталууда? Анын себебин Сан-Паулу университетинин профессору, вакцинология боюнча эксперт Элдер Накая вирустун импорттолгон учуру көп экендиги менен түшүндүрдү. “Бразилия эбегейсиз чоң өлкө, Түштүк Америка континентиндеги тогуз жолдун тоому”, - деп айтты профессор.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн