30-октябрь, жекшемби күнү Бразилияда президенттик шайлоо өттү.
Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, шайлоодо Луис Инасиу Лула да Силва шайлоочулардын 50, 85 пайыз добушун алган. Алдын ала эсептөө боюнча добуштардын 99,24 пайызы эсептелген.
Лула да Силва буга чейин 2003-2006-жылдары жана 2007-2011-жылдары президент болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн