Улуу Британия дан экспорттоо үчүн Украинанын темир жол түзүмүн оңдоого 10 миллион фунт стерлингге чейин (12,28 миллион доллар) бөлөт, деп билдирди премьер-министр Борис Жонсондун кеңсеси.
"Улуу Британия темир жол инфраструктурасын оңдоо үчүн Украинанын темир жолдоруна 10 миллион фунт стерлингге чейин материалдарды жана жабдууларды берет жана темир жол аркылуу данды өлкөдөн алып чыгууга жардам берет.Улуу Британия Украина өкмөтү менен темир жолдун мүмкүнчүлүктөрүн кантип максималдуу көбөйтүү жана темир жол транспортун камсыз кылуу боюнча тыгыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп айтылат британ өкмөтүнүн сайтындагы билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн