Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Британияда сезондук жумушка тандоонун I этабынан 14,7 миң кыргызстандык өттү

09.02.2024 12:21
257
Британияда сезондук жумушка тандоонун I этабынан 14,7 миң кыргызстандык өттү


14,7 миң кыргызстандык Улуу Британияда сезондук жумушка тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды "Hops Labor Ltd" оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.

Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 миң 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.

Тандап алуунун биринчи этабы анкетаны толтуруунун тууралыгын, gmail дарегинин болушун жана "HopsLaborLtd" оператору тарабынан аныкталган башка критерийлерди текшерүүнү камтыды.

Тандоонун биринчи этабынан өткөн жарандардын тизмесин сайттан көрсө болот www.migrant.kg.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн