Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын “Concrete canvas” компаниясынын ортосунда ийилме бетон плиталарын чыгаруучу завод куруу боюнча келишимге кол коюлду.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, заводдун пландаштырылган кубаттуулугу жылына кеминде 5 миллион м² ийилме бетон чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетет.
“Биз 100 тонна цементтин ордуна 5 тонна гана бул материалды колдоно алабыз, ошол эле учурда жогорку натыйжага жетишебиз, монтаждоо-реконструкциялоо ылдамдыгын бир топ жогорулатат. Бул технологияны колдонуу менен биз замандын талабына жооп берип жатабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.
Ал ошондой эле бул долбоор “мамлекет менен бизнестин натыйжалуу өнөктөштүгүнүн үлгүсү” экенин белгиледи.
“Биз бул долбоор башка инвестициялык демилгелердин катализатору болуп каларына ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады минкаб төрагасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн