Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Британиянын эң популярдуу журналы эс алуу үчүн Кыргызстанды №1 сапка койду

04.01.2021 14:25
2170
Британиянын эң популярдуу журналы эс алуу үчүн Кыргызстанды №1 сапка койду


Популярдуу Британиялык "Guardian" басылмасы 2021-жылы окурмандар үчүн барып эс ала  турган 12 өлкөнүн тизмесини сунуштаган. Бул тизмеде Кыргызстан биринчи орунда көрсөтүлгөн.


Мыкты вариант: идеалдуу "лагерь" - Кыргызстан. Бул чечим авторлорго таандык.

 

"Эгерде ковид жок болсо, биз Кыргызстанга барабыз. Туристтер тарабынан талкаланбаган ошол идеалдуу жерге барабыз. Бишкек заманбап жана жандуу шаар, ал эми ажайып элет жери салттуу жашоо менен көчмөндөрдүн жолугушуусун сунуштайт. Бул жер даамдуу жергиликтүү ашканасы менен дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири”, - дейт басылманын окурманы Минни Мартин.


Бул тизмеге Кыргызстандан тышкары Шотландия, Англия, Улуу Британия, Украина, Грузия жана башка өлкөлөр кирди.

 

Guardian - Улуу Британиянын эң популярдуу күндөлүк гезити, ал күн сайын 160 миңден ашуун нускада чыгат. 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Гульназ
Сонун жаңылык! Кыргызстаным туризм аркылуу өнүп-өскөн өлкө болот!!!
Таа
Тообо биз да илинет екенбиз да жакшыга.