Бүгүн, 23-июнда Бельгиянын борбору Брюсселде Европа Биримдигинин саммити башталды. Жыйын эки күнгө созулат. Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин лидерлери бул саммитте Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер макамын берет деп күтүлүүдө. Мындай сунушту мурдараак Еврокомиссия берген.
“Тарыхый окуялар болуп жатат”,-деди Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен саммиттин алдында. Ал муну менен Орусиянын Украинага агрессиясы тууралуу гана эмес, бул кол салуудан кийин Украинанын, Молдованын жана Грузиянын ЕБге кирүүго арыз бергени да кеп болуп жатканын билдирди. Грузияга талапкерлик макам берилбейт, ага бир нече шарттар коюлушу мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн