Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Брюсселде “Кыргызстан — Европа Бирлиги” кызматташтык комитети болуп өттү

13.11.2023 13:44
207
Брюсселде “Кыргызстан — Европа Бирлиги” кызматташтык комитети болуп өттү


Брюсселде 19-чу “Кыргызстан — Европа Бирлиги” кызматташтык комитети болуп өттү, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын делегациясын КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, Европа Бирлигинин делегациясын - Европа тышкы аракеттер кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүк, Борбордук Азия жана ЕККУ боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девинь жетектеди.

Исаев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга, акыркы жылдары жетишкендиктерине кеңири токтолуп, ишке киргизилген ири энергетикалык жана башка транспорттук-инфраструктуралык долбоорлорго көңүл бурду.

Тараптар гидроэнергетика тармагындагы конкреттүү пландар боюнча пикир алмашышты.

Европа тарап ички регион жана региондор аралык соода-экономикалык өз ара байланышты бекемдөөгө умтуларын белгиледи. Жеңилдетилген ВСП+ соода системасын ишке ашыруунун учурдагы статусу боюнча пикир алмашуу болду. Кыргыз Республикасынын товарларын Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө экспортун көбөйтүү боюнча иштердин алкагында фитосанитардык жана ветеринардык талаптар жаатында мындан ары тыгыз өз ара аракеттенүү сунушталды.

Тараптар ошондой эле коопсуздукка байланышкан маселелерди талкуулап, БОМКА жана Лейк сыяктуу долбоорлорду улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Европа тарап миграция жаатында ишке киргизилген жаңы региондук долбоорлор жөнүндө маалымдады: 6 млн еврого “Remit”, Европа Бирлиги Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен биргеликте ишке ашырып жатат жана 9 млн еврого мыйзамдуу миграцияны колдоого багытталган БУУ БКБнын долбоору.

Кыргыз делегациясынын башчысы европалык өнөктөштөрдүн көңүлүн өлкөнүн жетекчилигинин тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмашуу демилгесине бурду жана бул багытта колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Европа тарап сунушталган механизмди тереңирээк изилдөөгө даярдыгын билдирди.

Тараптар билим берүү, санариптештирүү жана “жашыл” күн тартиби жаатындагы көп жылдык Индикативдик программанын алкагында Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан Европа Бирлигинин долбоорлорун деталдуу талкуулашты, ошондой эле аймактык Индикативдик программанын алкагындагы жаңы демилгелерди, анын ичинде суу, энергетика жана климаттын өзгөрүшү, ошондой эле Борбордук Азиядагы санариптик байланыштар боюнча, анын ичинде спутниктик байланышты киргизүү боюнча өз ара аракеттенүүгө багытталган жаңы демилгелерди карап чыгышты. Европа тарап жакында санариптештирүү тармагына бөлүнгөн 7 млн еврого бюджеттик колдоо, ошондой эле жылдын аягына чейин 3 млн еврого кошумча колдоо көрсөтүү пландары тууралуу маалымдады.

Тараптар ошондой эле ЕБнин “Horozon” долбоорунун алкагындагы илимий-техникалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн жана “Коперникус” программасынын жер бетин изилдөө жана байкоо жүргүзүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында кыргыз делегациясынын башчысы өлкөнүн жаштарына колдоо көрсөтүп, Европа өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларында “Erasmus+” программасынын алкагында билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге адамдар менен байланышты чыңдоо максатында Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү боюнча сунуш киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн