Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 18:56
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Бүбүкан эже супсулуу, жайдары бойдон ак куудай учуп кете берди, - Оторбаев

06.07.2020 12:48
1594
Бүбүкан эже супсулуу, жайдары бойдон ак куудай учуп кете берди, - Оторбаев


Журналист Бүбүкан Досалиева эжеден айрылганыбызга кабыргам кайышып, катуу кайгырып турам, деп жазды мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасына.  


Анын айтымында, бир чети университетте окутуп, бир чети үзөңгүлөш кесиптеш катары көп жыл чогуу иштешкен. "Азаттыктын" теледолбоорлорун нөлдөн баштап, далай жаштарды чогуу тарбиялап, өстүрүшкөн.


Журналистикага, сөз эркиндигине зор салым кошту эжекем. Калык байкеге, кыздарга, Аскарга көңүл айтам. "Азаттыктын" жамаатына кайрат кылыңыздар дейм. Супсулуу, жайдары бойдон ак куудай учуп кете берди. Бейишке чыгыңыз, Бүбүкан эже”, - деп жазды Оторбаев.

 

 

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн