Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:14
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Буга чейин 2 жолу эскертүү алган. Ошто аялын сабаган жаран 9 суткага камалды

27.04.2022 12:56
996
Буга чейин 2 жолу эскертүү алган. Ошто аялын сабаган жаран 9 суткага камалды


  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын жашоочусу 1981-жылы туулган К.М. өз аялына бир нече ирет зомбулук көрсөтүп, коркуткандыгына байланыштуу кармалып келинген. Иликтөө учурунда анын көп ирет мас абалында аялына кол көтөрүп, коркутуп, зомбулук жасап келгендиги, буга чейин 2 ирет эскертүү берилгендиги аныкталды.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

 Жогорудагыларды эске алып, Ош ШИИБнын Сулайман тоо милиция бөлүмү тарабынан Ош шаардык сотуна Кыргыз Республикасынын укук бузуулар Кодексинин 70-беренесинин талабына ылайык, аны жазага тартуу сунушу Ош шаардык сотуна келтирилген.

 

  Ош шаардык соту тарабынан аталган сунуш каралып,сот аялына зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жаран К.М.ны Кыргыз Республикасынын укук бузуулар тууралуу Кодексинин 70-беренесинин (Үй бүлөлүк зомбулук) белгилери менен күнөөлүү деп таап, мурдагы зомбулуктарын эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кабыл алып, бөлүштүрүүчү жайында 9 суткага кармоо боюнча чечим чыгарды.

 

Учурда аялына зомбулук көрсөткөн жаран кабыл алып бөлүштүрүү жайында кармалууда.

                

                     

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн